Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев геотермалдык энергетика боюнча Исландиядан келген эксперт Палл Вальдимарссон менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандагы экологиялык маселелерди чечүү тууралуу сунуштар каралып, анын ичинен айыл-шаарларга борборлоштурулган геотермалдык жылытуу системаларын киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Депутат Чыңгыз Ажибаев Кыргызстанда жылдан-жылга экология көйгөйү курчуп жатканын белгилеп: “Абадагы зыяндуу заттардын көптүгү боюнча статистикалык маалыматтар баарыбызды бушайман кылууда. Андыктан, жарандардын саламаттыгына коркунуч келтирген жагдайды жөнгө салып, экологияга зыяндуулугу төмөн кошумча энергия булактарын табуу учур талабы”, – деди.
Муну менен катар сунушталган демилгени колдоорун жана табигый ысык сууларды жылытуу системасында пайдалануу боюнча Исландиянын тажрыйбасы маанилүү экенин кошумчалады.
Өз кезегинде эксперт Палл Вальдимарссон геотермалдык энергетиканы иштеп чыгуу жаатындагы Исландиядагы жетишкендиктер тууралуу сөз кылып, Кыргызстандын аймагынан чыккан ысык сууларды да жылытуу багытында колдонсо болорун билдирди.
Ага ылайык, демилгени иликтөөгө жана мүмкүнчүлүктөрдү караштырууга көмөк көрсөтөрүн айткан эксперт дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде ишке ашырылып жаткан тажрыйбалар тууралуу маалымат берди.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү