Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Аскердик сотту жоюп, судьялар бирдигин башка сотторго өткөрүп берүү демилгеси көтөрүлдү

16-11-2016
12:34

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан аскер сотун жоюу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Иш жана соттук материалдарды кароодо судьяларга иш жүктөмүнө көрсөтүлгөн сандар, өтө эле төмөн жүктөм жөнүндө гана эмес, аскердик сот системасынын практика жүзүндө жашоосу максатка ылайык эместиги жөнүндө жана аларды жоюу зарылчылыгы жөнүндө күбөлөгөнү көрүнүп турат.

Мыйзам долбоорлору менен аскер сотторун жоюу жана республиканын аскердик сотунун аскердик судьяларынын судьялык бирдиктерин иш менен өтө көбүрөөк жүктөлгөн жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү каралган. Мыйзам долбоору менен ошондой эле аскердик соттордун аппаратынын кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин республиканын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын түзүлүштөрүнө өткөрүп берүү каралат.

КР ЖК Басма сөз кызматы