Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште Турак жай кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

26-01-2023
17:09

Бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Атамбаев С.А., Акаев Ж.К., Абиров Ж.Б.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев белгилегендей, бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп, турак жай көйгөйлөрүн тарткан адамдардын укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле кызыкчылыктарын эске алуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, аталган мыйзам долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: кызматтык турак жайды менчиктештирүү мөөнөтүн кыскартуу (20-жылдан 10-жылга кыскартылат); мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык турак жайды менчиктештирүүсүнө тыюу салуу.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү