Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Мекенчил» депутаттык тобу билим берүү тармагындагы абалды талкуулады

27-01-2023
13:31

Бүгүн, 27-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-2023-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү каралды.

Бул маселе боюнча билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов баяндама жасады. Ал белгилегендей, “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамга ылайык, Билим берүү министрлигинин бюджети 52 млрд 66 млн 360 миң сом, атайын каражаттар 7 млрд сом көлөмүндө белгиленген. Учурда бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринин штаттык саны 183 977 адамды түзөт.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелерди куруу жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, мугалимдерге шарттарды түзүү, башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан тышкары, министр кыргызстандык студенттердин чет өлкөдө бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берди.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров жана «Секом» билим берүү жана өнүктүрүү борборунун өкүлү Толкунай Абакирова билим берүү тармагынын абалы боюнча өз баяндамаларын жасашты. Алар педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу, билим берүү системасына окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү жана тармакты реформалоо боюнча башка сунуштарды да айтышты. Тактап айтканда, Т.Абдыров «Билимге негизделген экономика» концепциясына кеңири токтолуп, анын принциптерин Кыргызстанга киргизүүнү сунуштады.

Талкуу маалында депутаттар билим берүүнүн азыркы абалы жана келечеги тууралуу сөз кылып, бир топ сунуштарын ортого салышты.

Алсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев учурда мамлекет билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшап жатканын жана сапаттуу билим гана жаркын келечекке жетүүнүн эң приоритеттүү багыты экенин белгилеп:

«Дүйнө жүзү боюнча окуунун натыйжаларынын маанилүүлүгүн түшүнүү өсүүдө. Заманбап окуучу алган билимин турмушта колдоно билиши, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Андыктан коомдун суроо-талаптарына жана муктаждыктарына жооп берген ийкемдүү жана ачык билим берүү системасын түзүү зарыл», - деген Н.Шакиев тиешелүү министрликти билим берүүнүн консервативдүү моделинен баш тартууга чакырды. Муну менен катар актуалдуу эмес предметтери кыскартуу, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү боюнча сунуштар айтылды.

«Мамлекеттик билим берүү программасы коомдун азыркы абалынан кеминде 10 жыл алдыда болушу керек, антпесе өзүң коом менен бир деңгээлде болсоң, аны кантип өнүктүрөсүң, алдыга жылдырасың? Буга байланыштуу мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, райондук билим берүү бөлүмдөрүн чыңдоо зарыл», - деген Н.Шакиев министрликке тиешелүү концептуалдык документти иштеп чыгууну сунуштады.

Жыйында ошондой эле депутат Айбек Осмонов жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ваучердик каржылоону киргизүү маселелерине токтолду. Ал эми депутат Ырысбек Атажанов мектептердеги тамак-ашка бөлүнгөн акчаны 7 сомдон 20 сомго көтөрүүнү сунуштаса, депутат Данияр Төлөнов билим берүү долбоорлорун мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде иштеп чыгуу боюнча пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, бул чара мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Өз кезегинде депутат Нурбек Алимбеков кыргыз тилиндеги ар кандай оюндарды жана мультфильмдерди жайылтуу үчүн популярдуу социалдык тармактардын жана видеохостингтердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуштады. Депутат Айбек Алтынбеков мамлекет тарабынан балдарга сапаттуу билим берүү кепилдиктерине токтолуп, билим берүү процессинин сапатына талаптарды жогорулатууга чакырып, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнү сунуштады.

Жыйындын соңунда «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев мектеп жана бала бакчалардагы маданий-агартуу иштерине токтолуп, туура тарбия берүүнүн манилүүлүгүн белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Билим берүү министрлиги тарабынан берилген маалыматтар эске алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү