Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жеке маалыматтарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган конференцияга катышты

27-01-2023
16:58

Бүгүн, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жеке маалыматтарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган «Кыргыз Республикасындагы Жеке маалыматтарды коргоо - Privacy Day» аттуу конференцияга катышты.

Конференциянын максаты – жарандардын жеке маалыматтарын коргоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдуулукту жайылтуу, мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда диалогду түзүү, кыргызстандык жана эл аралык эксперттердин ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мамлекет тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу коомчулукка маалымат берүү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Н.Азыгалиев жеке маалыматтарды коргоо тармагында өз тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн келген конокторго жана эксперттерге, ошондой эле, бул иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, жеке маалыматтарды коргоо институтун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта кабыл алынган мыйзамдарга кеңири токтолду.

«Дүйнөлүк тенденцияларды жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча муктаждыктарын эске алуу менен, мындай иш-чаралар абдан манилүү. Жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө бизнес, мамлекеттик мекемелер жана эксперттик чөйрө күч-аракеттерин бириктириш керек», - деген Н.Азыгалиев Кыргызстан үчүн башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, конференциянын алкагында катышуучулар жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин Окуу борборунун ишмердүүлүгү менен тааныша алышты. Талкуу маалында эл аралык (Эстония, Германия жана Казакстан) жана жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы алдыңкы кыргызстандык эксперттердин, жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн баяндамалары угулду.

Иш-чаранын уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Европа биримдигинин “Твиннинг” долбоору.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү