Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин катышуусу менен Төраганын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин биринчи жыйыны өттү.
Иш-чарага депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, экологдор, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт тармактын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев бул диалог аянтчасы актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо жана биргелешип чечүү жолун иштеп чыгуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
“Дүйнө жүзүндөгү климаттын кескин өзгөрүүсү бүткүл тирүүлүктүн жашоосуна чоң таасирин тийгизүүдө. Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн олуттуу кесепеттери көп жылдардан бери Кыргызстанда да байкалууда. Кыргызстан тоолуу өлкө, андыктан экосистемасы да өзгөчө. Өлкөбүздө мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, сел-ташкындардын күч алышы негизги маселеге айланууда. Ошону менен бирге жылдын-жылга кургакчылык күчөп, айыл чарбасына олуттуу кыйынчылык алып келүүдө”, - деди Төрага.
Нурланбек Шакиев жаратылышка аяр мамиле жасоо жана коргоо, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу сөз кылып, Кыргызстандын келечеги үчүн чоң тобокелчиликтерди жараткан негизги экологиялык көйгөйлөргө токтолду.
“Биринчиден, акыркы убакта жаратылыш кен-байлыктарын баш аламан казуунун кучак жайышы жана алардан чыккан чаңдар менен уулу заттардын таасири канчалык? Бул маселе так аныкталышы керек. Экинчиден, жайыттарды туура пайдалануунун механизмдеринин жоктугу, малдын башынын өсүшү. Көптөгөн өсүмдүкөр малдын туягынан жабыркап, жок болуп кетүүдө. Үчүнчүдөн, адамдардын жаратылышка аёосуз мамилеси, арча-токойлорду, тал-теректерди ченемсиз кыюу. Төртүнчүдөн, элдик медицина дейбизби, чөп медицинасы дейбизби, айтор, ушундай дарыгерлердин көбөйүүсүнөн улам бийик тоолуу алкактарда өсүүчү сейрек кездешүүчү дары чөптөрдү тамыры менен кыркуу массалык мүнөзгө айланды”, - деген Н.Шакиев башка экологиялык мүнөздөгү көйгөйлөргө токтолду.
Төрага сөзүнүн аягында Кеңештин негизги милдеттеринин бири мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана экологиялык коомчулуктун аракеттерин координациялоо экенин баса белгилеп: “Эгерде биргеликте иш алып барсак жогоруда айтылган көйгөйлүү маселелер боюнча Кеңештин иши жогорку ийгиликтерге жетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Келечек үчүн бүгүн кам көрбөсөк эртең кеч болот!”, - деп жыйынтыктады Төрага.
Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин Төрагасынын орун басары депутат Камила Талиева баяндама жасады. Ал БУУнун Башкы ассамблеясы Президентибиздин демилгесин колдоп, 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыяланганын эске салды.
“Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү климаттык көйгөйлөрдү жеңүү үчүн абдан актуалдуу жана зарыл кадам экенин белгилеп кетким келет, себеби комплекстүү мамиле гана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдар, жеке сектор жана бизнес түзүмдөрү иш жүзүндө ишке ашыруу жана республиканын аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу координациялоого мүмкүндүк берет”, - деди Камила Талиева.
Ал эми Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин Төрагасынын орун басары депутат Динара Ашимова, түзүлүп жаткан Кеңештин максаттары тууралуу айтып, алдыдагы иштердин форматын биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.
«Кеңеш калктын экономикалык бакубаттуулугун, алардын социалдык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн шартында өлкөнүн уникалдуу экологиялык системасын сактоого жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында ырааттуу иш алып баруучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Анын негизги максаттары – тиешелүү сунуштарды даярдоо, бардык кызыкдар тараптардын ишин координациялоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү”, - деди Д.Ашимова.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова парламентке Кеңешти түзүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, абанын булганышын азайтуу боюнча маалыматты жана сунуштарды берди.
Мындан тышкары, отурумда экологдордун баяндамалары да угулду. Кеңештин жыйынтыгында айтылган бардык сунуштарды эске алуу менен тиешелүү резолюция кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү