Жогорку Кеӊеште кылмыш тууралуу билдирген жактарды коргоого багытталган “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Жаныбек Бакчиев, Дастан Бекеше, Алтынай Өмүрбекова, Исхак Масалиев.
Бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар ишканалар менен уюмдардын ичиндеги мыйзамсыз иш жөнүндөгү маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылат. Анын башкы милдети жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу, мыйзам чегиндеги жүрүм-турумду калыптандыруу болуп саналат.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызы сыйлык катары бөлүнүп берилет, бирок ал 1 млн сомдон ашпоого тийиш. Ал адамды 3 жылга чейин иштен бошотууга же башка кызматка которууга жол берилбейт. Маалымат берген адам жетиштүү далилдерди келтирүүгө тийиш. Эгер жалган маалымат берсе, ал адамга жаза чаралары каралган.
Талкуу жүрүшүндө айрым депутаттар мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, кээ бир беренелерде күмөн жоболор бар экенин белгилешти. «Буга мисалдар арбын. Бүдөмүк нерселерден азыртан арылбасак, кээ бир мекеме жетекчилеринин өз кызматкерлерине, кызматкерлердин өз жетекчилерине каршы күрөшүүсүнүн куралы болуп калышы да ажеп эмес. Мыйзам долбоорун колдоо керек», - депутат Ирина Карамушкина.
КР ЖК Басма сөз кызматы