Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин депутаттары «Чакан ГЭС» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

31-01-2023
17:16

Бүгүн, 31- январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутаттар «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун “Лебединов ГЭСинин” жана “Аламүдүн ГЭС-1” энергетикалык объекттеринин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Иш-чарага комитет мүчөлөрү, энергетика тармагындагы жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери, «Чакан ГЭС» ААКнын өкүлдөрү катышты.

Алгач эл өкулдөрү “Лебединов ГЭСине” барып, станциянын имараттарын жана жабдууларын көрүп чыгышты. Эске салсак, комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбооруна жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Лебединов ГЭСин” реконструкциялоо долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору жөнүндө” маселе каралып, жактырылган.

Бул объект тууралуу маалымат берген энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Лебединов ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилген. Ал белгиленген кубаттуулугу 7,6 МВт-ны түзөт. ГЭС эки гидроагрегаттан турарын, алар өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн иштеп бүтүп, объектти модернизациялоо боюнча чоң муктаждык бар экенин маалымдады. Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинде 8,8 млн евро кредит түрүндө жана инвестициялык грант түрүндө 5 млн еврого чейин берилет.

Талкуу маалында комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев энергетика тармагынын жетекчилеринен бөлүнгөн кредиттик жана гранттык каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдаланууну талап кылып, ошондой эле энергетика министри Т.Ибраевди талдоо жүргүзүүгө, экологиялык жактан таза энергия булактарынын негизинде электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн «Чакан ГЭС» ААКнын башка энергетикалык объектилерин да реконструкциялоо боюнча ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Андан соң депутаттар Аламүдүн каналынын каналында курулган алты ГЭСтин биринчиси болгон «Чакан ГЭС» ишканасына караштуу «Аламүдүн ГЭС-1» энергетикалык объектинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү ишкананын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле рентабелдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн «Чакан ГЭС» ААКнын генерациялоочу кубаттуулуктарын жогорулатуу максатында бардык электр станцияларын талдоо боюнча иштерди активдештирүү боюнча сунуштарын айтышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү