Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

116 миң жер аянттары мыйзамдаштырылып, трансформацияланышы керек

30-01-2023
12:01

Бүгүн, 30-январдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын аймактарында жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы угулду. Андагы талкуу жыйынтыгы тууралуу баяндап, ЖК депутаттары Аманкан Кенжебаев менен Жалолидин Нурбаев «Парламент» радиосунда болушту.

Тармактык комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаевдин айтымында, 116 миң жер аянттары мыйзамдаштырылып, трансформацияланышы керек эле. Бул иш 2 жыл ичинде толугу менен аяктала турган жумуш. Бирок, бүгүнкү күндөгү иш жыйынтыгында 600 гана кишинин турак-жайына кызыл китеп алгандыгы маалымдалды. Мындай көрсөткүч иштин солгундугунан кабар берет.

Бир үйдө бир канча үй-бүлө жашап жаткан аймактар бар. Андыктан, маселени чукул арада чечүү талабы курч. Элдин күткөнү да ушул. Трансформация ишинде корутунду бере турган 16 министерство, ведомствонун канчалык зарылчылыгы бар эле? Бул суроону комитетте карап, эң зарыл деген 4 эле министрликтин калтырылганы туура, - деп сунуш бердик, - деп билдирди А.Кенжебаев.

Трансформация ишине маданият министрлигинин кандай тиешеси бар?-деген суроо жаралышы мүмкүн. Чындап келгенде республика боюнча 2 минге жакын маданий-археологиялык жайлар бар. Андай жерге там салууга болбойт. Бүтүм чыгарууда ушул негиздер эске алынууга тийиш. Аны тактоо жагын Маданият министрлигинин жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү  ишти созбой, так корутунду чыгарып берсе, иштин илгери жылышына өбөлгө болмок, - деп билдирди депутат Жалолидин Нурбаев.

Ошондой эле, - “Трансформация иштери убагында чечилбесе жаш курагы өйдөлөп жаткан жарандарыбыз бүлө күтсө да үй-жайсыз кала беришүүдө. Айрыкча мындай социалдык көйгөй чек арага жакын айылдарда курч. Турак-жайга болгон суроо-талапты чечүүдө жер кыртышын карап көрүп, аймактарда дагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери колго алынса азыркыдай абалдан чыгууга жардам берет”, - деди эл өкүлү.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү