Региондордогу медициналык мекемелердин абалы олуттуу көңүл бурууну талап кылат. Андагы адистердин кесипкөйлүгү жогору болгону менен, алардын медициналык жабдыктарга болгон муктаждыгы көп мүмкүнчүлүктөргө тоскоолдук жаратууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңеш депутаты, “Ишеним” фракциясынын лидеринин орун басары Русланбек Жакышов бүгүн, 1-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.
“Жолдордун татаалдыгы соо адамдарды бир топ убарага салып жатса, ал эми сыркоолуулар үчүн оголе оорчулук жаратат. Санавиация кызматы да арзанга турбайт. Ошондуктан, аймактардагы ооруканаларды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо, кесипкөй дарыгерлердин жардамы бейтаптарга кыйла жеңилдик жаратмак. Ушул жагынан эл өтүнүчүн эске алып, аткаруу бийлиги алгылыктуу иш алып барсын, - деп талап кылдым. Анткени, аймактык абалга абай салбаса болбойт”, - деп билдирди депутат.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү