Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Джамиля Исаева Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары менен жолугушту

01-02-2023
16:47

Бүгүн, 1-февралда Кыргыз Республиксынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууга Азербайжан Республикасы менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Искендер Матраимов, Бактыбек Чойбеков, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев жана Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева катышты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы алакаларга тиешелүү маселелерди талкуулап, анын ичинен ТүркПАнын алкагындагы байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз кылышты.

Төраганын орун басары Джамиля Исаева Милли Межлистин депутаттарын Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап: “Бизди жалпы тарыхый байланыштар бириктирип турат. Андыктан, Кыргызстан эки элдин достук мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Айрыкча, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирип, алакаларыбызды жаңы деңгээлге чыгаруу башкы максат”, – деди.

Муну менен катар мамлекет башчыларынын чечими менен 2023-жылы Азербайжанда Кыргызстандын Маданият күндөрү, ал эми 2024-жылы Азербайжандын Маданият күндөрү Кыргызстанда өтөрүн эске салды.

Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтыкка токтолгон Джамиля Исаева бул жаатта алгылыктуу аракеттер бар экенин белгилеп, эки тараптуу иш сапарларды жана жолугушууларды уюштуруунун маанилүүлүгүн кошумчалады. Ошондой эле парламенттер ортосундагы тыгыз мамиле байланыштарды чыңдоодо салымы чоң экенине токтолду.

Сөзүнүн аягында Джамиля Исаева Азербайжандын депутаттарын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында ысымын Баку шаарындагы борбордук көчөлөрдүн же сейил бактардын бирине ыйгаруу маселесин колдоп берүүгө чакырды.  

Ал эми Жогорку Кеңештин Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов Кыргызстан менен Азербайжан эзелтен каада-салты, маданияты окшош боордош эл экенин белгилеп, калыптанган алака достукка негизделгенин жүйө келтирди.

Өз кезегинде Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, Маданият боюнча комитетинин төрайымы Ганира Пашаева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжан эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкагындагы кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады. Анын ичинен мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлдеги иш сапарлары кыргыз-азербайжан кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөргөнүн эске салып, Жогорку Кеңештин да депутаттарын Азербайжанга келип кетүүгө чакырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү