Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев баяндама жасады.
Мыйзам долбоору Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү максатында иштелип чыккан.
Маалыматка ылайык, шайлоо алдында өзгөчө ролду кыска жана мыйзамдарда так белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлө турган даярдоо иштер ойнойт, алардын жүрүшүндө мамлекеттик каражаттардын эсебинен көп сандагы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү зарыл.
Мамлекеттик сатып алуулардын порталынын ишин эске алганда жол-жоболор көп убакытты талап кылбайт. Жөнөкөйлөтүлгөн усулу менен сатып алууларды жүргүзүү сыяктуу бир жумалык мөөнөттөгү сатып алууларды ишке ашыруу жана сатып алууларды бааларды төмөндөтүү усулу аркылуу жүргүзүү болбойт, себеби биринчи усулдун шарттары сатып алуулардын бардык түрлөрү үчүн каралган эмес, экинчи усулда абийирдүү эмес ташычуулардын айынан көпчүлүк учурда талаш кырдаалдар түзүлөт. Конкурсту жокко чыгаруу же аны болбой калды деп таануу учурларда, конкурсту кайра өткөрүү кошумча убакытты талап кылат. Бул БШКны өтө оор абалга коет. Көпчүлүк учурда каржылоо өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылбай, БШКга сатып алууларды алдын ала жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей калат. Көрсөтүлгөн кырдаалдар шайлоо өнөктүктү үзгүлтүккө учуратууга мүмкүн, бирок буга жол берилбеши керек. Ушуга байланыштуу “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүдө келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууларды жүргүзүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы