Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер айтылды.
Алсак, депутат Шайлообек Атазов Экология министрлигинин жумуштан алынган кызматкерлеринин кайрылуусу тууралуу сөз кылып, министрдин ишмердүүлүгүнө байланышкан каттагы жагдайлар боюнча текшерүү иштери жүрүшү керектигин кошумчалады.
Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев ар түрдүү себептер менен чет өлкөдө камакта турган мекендештер тууралуу сөз кылды. Анын ичинен Россиядагы абакта олтуруп, Украинадагы согушта курман болгондор бар экенин айтып, чет жерде камакта жаткан жарандарды Кыргызстанга алып келүү маселесин кароого чакырды.
Андан тышкары, депутат Камила Талиева үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүнө токтолуп: “Кадамжай районунда өткөн жылы бир үйдөн эки адам атылып, каза болгон. Эми ошол үй-бүлөнүн кызы да кыйынчылыкка тушугуп, жарандык күйөсүнүн арызынын негизинде камалып олтурат. Андыктан “күкүк” күйөнүн жоопкерчилигин да карап, баласын урган деген жүйө менен камалган аялдын укугун унут калтырбашыбыз керек”, – деди.
Ошондой эле депутат Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районундагы таза суу маселесин көтөрүп, жаз келгенче сугат суу көйгөйүн чечүүгө үндөдү.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү