Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер айтылды.
Алсак, депутат Нурлан Ражабалиев Баткендик калыбына келтирүү жумуштарынын алкагында социалдык мекемелердин курулушун көзөмөлдөөгө чакырып: “Чоң-Талаа, Ак-Сай айылдарындагы мектептердин курулушу башталбай турат. Онлайн окутуудан улам балдар татыктуу таалим-тарбия ала албай жатышат. Андан тышкары, Миң-Өрүк айылына салына турган мектеп чек арага жакын жайгашкандыктан, жаңы имаратын башка жерге куруу зарыл”, – деди.
Ал эми депутат Жусупбек Коргонбай уулу мамлекеттик жана коомдук ишмер Насирдин Исановго “Баатыр” наамын ыйгарып, быйыл өтө турган 80 жылдык маарекесин жогорку деңгээлде өткөрүү сунушун берди.
Ошондой эле депутат Таалайбек Сарыбашов дыйкан-фермерлерге берилип келген жеңилдетилген насыялар тууралуу сөз кылып, мындай колдоону токтотпостон, улантуу керектигин кошумчалады.
Мындан сырткары, депутат Марат Мураталиев аймактарга калкты тейлөө борборлорун ачуу керектигин айтса, депутат Фархад Исмаилов ажылыкты уюштуруу иштерине байланышкан көйгөйлөргө токтолду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү