Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды

02-02-2023
12:36

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо шарттарын жеңилдетүүгө, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган.

Андан тышкары, жыйында “Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдардын долбоорлору да үчүнчү окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Жалолидин Нурбаев жашы иш орундарын түзүүгө байланышкан сунуш-пикирлери менен бөлүшүп, бул жаатта Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Экономика министрлиги жигердүү иш алып барышы керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Максатбек Сарбагышев эмгек стажы жок жарандар жумушка орношууда кыйынчылыктарга тушугарын айтып, аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле депутаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жаатында да сунуш-пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү