Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Улан Примов ЖККУга мүчө-мамлекеттердин депутаттары менен бирге уюмдун биргелешкен штабынын ишмердүүлүгү менен таанышты

02-02-2023
13:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча жооптуу комитеттеринин төрагаларынын экинчи жыйынынын алкагында Москвадагы ЖККУнун биргелешкен штабында болду.

Экинчи жыйындын катышуучулары штабдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кризистик кырдаалдарга чара көрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, маалымат алышты.  Ошондой эле Башкы штабдын жетекчиси Анатолий Сидоров менен жумушчу жолугушууда ЖККУнун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, комитет төрагалары Эл аралык аскер борборундагы тарыхый экспозицияны көрүп чыгышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү