Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Ата мекендик товар өндүрүүчүлөр колдоого алынат

02-02-2023
17:22

Жогорку Кеңеш бүгүн, 2- февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына” сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Анын алкагында “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөгү” мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөр кошумчаланууда. Мыйзам маанисин түшүндүрүп, демилгечи депутаттардын бири Гүлшаркан Култаева “Парламент” радиосунда болду.

Долбоордун негизги максаты - Кыргыз Республикасынын ички соодасын өнүктүрүп, азык-түлүк жактан көз карандысыздыкты бекемдөө жана азык-түлүк чөйрөсүндөгү калыс атаандаштыкты орнотуу болуп саналат. Сунушталган өзгөртүүлөр аркылуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, ата мекендик товар өндүрүшүн өнүктүрүүгө көңүл бурулат, - дейт депутат. Ошондой эле эл өкүлү, - "Соода тармагы менен келишим түзүлгөндөн кийин, ата мекендик азык-түлүк товарларын өндүрүүчү ай сайын маркетинг жыйымын төлөп туруу жеңилдиктерин алышат. Буга чейин анын пайыздык көрсөткүчү 15% болсо, эми ал 5% болуп төмөндөтүлдү. Ал эми социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларына сый акы (рестро-бонус) такыр эле алынбай турган болду. Товар өндүрүүчүгө сатылган продукциялары үчүн эсептешүү убактысы мурда 45-50 күнгө чейин созулуп келген болсо,  азыр ушул убакыт 14 күн деп белгиленди. Ал эми социалдык маанилүү азык-түлүктөр үчүн эсептешүү мөөнөтү 7 күндөн кечиктирилбейт" , - деп түшүндүрдү. 

Соода тармактары ата мекендик өндүрүүчүлөрдү «ретро-бонустарды» - бир айда сатылган товардын жалпы суммасынан комиссия (сыйакы) төлөөгө мажбурласа, эми азыр андай талаптар жоюлат.  Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, Беларусь Республикасында да товар берүүчүлөрдөн соода тармактарынын кайсы бир төлөмдөрдү алуусуна толугу менен тыюу салынган. Мындай шарт азык-түлүк жактан көз карандысыздыкты бекемдөөгө негиз берет, - деди Г.Култаева.

Кабыл алынган мыйзам долбоору депутаттар Г. Култаева, Д. Төлөнов, М. Саккараев, Ж. Кыдыкбаев, Э. Сулайманов, Б. Сыдыков, Н. Шакиев, Ф. Исмаилов, М. Абдалиев, Р. Жакышов тарабынан демилгеленген.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү