Жогорку Кеӊеште «Альфа Телекомдун» акцияларынын сатылышынан түшкөн каражаттын Southfield («Саутфилд») компаниясына берилишине Жогорку Кеӊештин айрым депутаттарынын кызыкчылыгы болгону тууралуу Белиз мамлекетинен (Борбордук Америка) келген документтердин таржымалы жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева чакырылган.
УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин айтымында, трасттык декларация боюнча документ оффшордук тилкедеги Белиз мамлекетинин расмий мекемеси тарабынан апостиль катары күбөлөндүрүлгөн. Анда Southfield компаниясынын 3 депутатка 22 пайыз (7+7+8) акциясы тиешелүү боло турганы айтылган, бирок түшчү каражат 50 млн доллардан кем эмес болууга тийиш деген шарт коюлган.
Ал «Альфа Телекомдун» акцияларынын сатылышына байланыштуу бул документ УКМК үчүн да күтүүсүз болгонун, документ керез таризинде жазылганын, ал кайсы булактан кандай жол менен алынганын азырынча так айта албай турганын кошумчалады. Айрым маалыматтарга караганда, Southfield («Саутфилд») Максим Бакиевге таандык компаниялардын бири болуп саналат.
Ал эми прокурор Индира Жолдубаева Президент Белиз мамлекетинен келген трасттык документтерди текшерүү боюнча тапшырма бергенин, алардын көчүрмөлөрү Башкы прокуратурага келип түшкөнүн, азыр алардын аныктыгы текшерилип жатканын билдирди. Ал документтерди тактоо иштеринин так фактыларга таянуу менен калыс жүргүзүлүшүнө көзөмөл кылууга убада берди.
Андан сырткары, УКМК төрагасы менен башкы прокурор депутаттардын Белиз мамлекетинен келген трасттык документтерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин жыйынынын жүрүшүндө бир катар депутаттар Белиз өлкөсүнөн келген трасстык документтердин таржымалы жөнүндө УКМК менен Башкы прокурордун маалыматын угуу тууралуу сунуш кылган.
КР ЖК Басма сөз кызматы