Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев: "Ар бир кызматкер өз функционалдык милдетин так жана ыкчам аткарышы керек"

06-02-2023
11:41

Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөрүлгөн жыйында билдирди. Иш-чарага Төраганын орун басарлары Нурланбек Азыгалиев жана Нурбек Сыдыгалиев катышты. 

Төрага Нурланбек Шакиев кызматкерлерди заманбап шартка ылайык, жигердүү иш алып барууга чакырып: “Парламенттин иши Аппаратка көз каранды. Андыктан ар бир кызматкер өзүнө ыйгарылган милдетти чоң жоопкерчилик менен сапаттуу аткарышы кажет. Айрыкча кагаз иштеринде тактык жана ыкчамдык өтө зарыл”, – деди. 

Муну менен катар мамлекеттик тилге басым жасалышы керектигин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы документ жүгүртүүлөрдүн бардыгын электрондоштуруп, бюрократияны жоюунун да маанилүүлүгүнө токтолду. 

“Тартип жана жоопкерчилик бардык иштин башатында турат. Андыктан ар бир кызматкер өз ишине билим менен тажрыйбага таянып, адискөйлүк менен мамиле кылышы керек”, – деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү