“Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өтөт
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Жаштар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өткөрөт.
Иш-чара 2023-жылдын 14-февралында саат 10:00дө Жогорку Кеңештин Жыйындар залында (3-кабат) уюштурулат. Катышуучуларды каттоо саат 09:30да башталат.
Парламенттик угууга министрликтердин, мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.
Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын-ала каттоо үчүн төмөндөгү телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөбүз: 0312 63-92-32, 0500 90-60-61 (жумуш күндөрү саат 09:00-18:00)
Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмү