Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте жер мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды

06-02-2023
12:18

Бүгүн, 6-февралдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Кылмыш-жаза кодексине жана КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, жер мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

«Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелер менен толуктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталат», - деди баяндамачы.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү жер-укуктук мамилелерди иретке келтирүү, жер мафиясы менен эффективдүү күрөшүү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен жер мунапысын жүргүзүү боюнча кеңири талкууларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү