Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте бир катар мыйзам долбоорлору каралды

06-02-2023
14:41

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, жактырылды.  

Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Данияр Төлөнов, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Жанарбек Акаев, Чолпон Султанбекова, Эльмурза Сатыбалдиев тарабынан демилгеленген.

Сунушталган мыйзам долбоору насыялык маалыматтарды эффективдүү жана сапаттуу алмашууну камсыздоо үчүн иштеп жаткан насыялык бюролордун өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырууга багытталган.

Тагыраагы, бардык иштеп жаткан насыялык бюролорго маалымат берүү, зайымчы жөнүндө маалыматтардын бурмалануу, ошондой эле ал жѳнүндѳ маалыматтын жоголуу мүмкүндүгүн (атайылап же кокустан) жокко чыгарат. Буга байланыштуу, насыялык бюролорго насыялык маалыматтарды берүүдө зайымчынын макулдугун алып салуу сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору да каралып, кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү