Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангельдиев Биргелешкен холдинг компаниясынын уставдык фонду 100 млн АКШ долларын түзөөрүн белгиледи. Тагыраагы, холдинг долбоорлорду нөлдөн баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды активдештирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо, насыя берүү аркылуу коммерциялык бизнес долбоорлоруна инвестиция салуу максатында иш алып барат.
Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров компанияны түзүүнүн максаттарына, ошондой эле каражаттары кайсы аймактарга жумшала турганына кызыкты. Өз кезегинде министрдин орун басары чакан жана орто бизнестин долбоорлорун ишке ашырууга, өзгөчө энергетика жана фармацевтика тармагына каражат бөлүү пландаштырылып жатканын маалымдады.
Депутат Миргүл Темирбаева каражатты пайдалануунун натыйжалуулугуна токтолуп, ишкананы уюштуруунун жана башкаруунун шарттарына кызыкты. Данияр Амангелдиев директорлор кеңеши 5 мүчөдөн, үчөө Эмират тараптан, экөө Кыргызстан тараптан болорун билдирди.
Ал эми депутат Улан Бакасов башка мамлекеттер менен түзүлгөн биргелешкен фонддор боюнча маселе көтөрсө, депутат Лейла Лурова насыялардын каржылык ресурстарын аймактык жана гендердик теңчиликти эске алуу менен бөлүштүрүүнү сунуштады. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү