Депутат Султанбай Айжигитов бүгүн, 6-февралда "Парламент" радиосунда болуп, стратегиялык пландоонун укуктук негиздерин түзүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча маалымат берди. Эл өкүлүнүн айтымында, пландоо системасы аркылуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарган жана аткара турган иштеринин ачык картинасы так, даана көрүнүп турат.
Кандай гана ишти алга жылсын, - десек анын пландалышы шарт. Микроэкономикада бир аз пландоо болгону менен, дээрлик макроэкономиканын алкагында пландоо багыты жетишсиз болуп жатат, - деди депутат маселенин актуалдуулугуна токтолуп.
Ошондой эле С.Айжигитов, - "Мамлекеттик өнүгүү программаларынын жол карталарынын ишке ашырылуусу жакшы, бирок ал стратегиялык план менен коштолгондо анын жыйынтыгы алдаканча жакшы болмок. Анткени, стратегиялык пландоодо кызыкчылыктардын тең салмактуулугу, ишке жоопкер тараптардын бири-бири менен өз ара кызматташуусу бекемделмек. Коррупциялык элементтерди азайтууга негиз бермек", - деп кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү