“Шайлоочулар менен жолугушууларга барганда, албетте дээрлик көпчүлүк аймактарда болбосо да айрымдарында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн катарында дал ушул таза суу маселеси турат. Абалдан чыгууда айыл өкмөттөрүнүн бюджети колдонулсун деген пикирлер дагы бар. Дотацияда олтурган айылдардын каражаты эмнеге жетсин?! Андыктан, 2017-жылдын республикалык бюджетинен 1 млрд. сом бөлүп берүү талабы сунушталды. Муну биз тармактык комитетте карадык”,- дейт депутат Дастанбек Жумабеков бүгүн, 16-ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.
“Өлкөдөгү 1805 айыл болсо, анын 400гө жакынында таза суу маселеси таптакыр чечилген эмес. Ал эми 267 айылдагы суу түтүктөрү болсо 1950-1960-жылдары курулган. Ошолордун бардыгын тең кошуп алганда 657 айылда таза суу түтүктөрүн кайра баштан куруп чыгууга туура келет”,- дейт ошол эле радиоуктурууга катышкан Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев.
Көпчүлүк учурларда жугуштуу оорулардын келип чыгышы ичүүчү суунун сапатынан көз каранды. Бул жаатта негиздүү маалыматтар менен тааныштырып, Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин директору Төлө Исаков да парламенттик радионун түз эфиринде болду.
Адистин айтымында, Кыргызстан боюнча 1415 суу булактары бар. Ошол суулардын химиялык жактан 2%ынын талапка жооп бербегендиги аныкталган. “Микробиологиялык жактан жүргүзүлгөн анализдерде суулардын 7%ы санитардык нормаларга жооп бербейт. Ал эми арыктардагы суулардын 18%ы санитардык талаптарга дал келбейт. Бул абал 10 жыл мурунку анализдердин жыйынтыгында 20%дык көрсөткүчтү түзчү”,- дейт Төлө Исаков.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы