Бүгүн, 7-февралда «Бишкек шаарынын экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоолдук кылууда?» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Андагы сунуш-пикирлер, кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы кандай болгондугун маалымдап, “Парламент” радиосунун түз эфирине ЖК депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Динара Кутманова чакырылды.
Талкууда айтылгандай, экологиянын тазалыгын камсыздоодо көмүр сапатын текшерүү иштерине маани берилиши керек. Бирок, аны текшерүүчү тарап табылабы? Бул чоң суроо, - деди депутат А.Мудумаров. Бул негиздерге жооп кайтарган КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Динара Кутманованын белгилешинче, көмүр сапатын көзөмөлдөө 2012-жылы экотехинспекциянын милдетине кирген. Лабораториялык текшерүүлөр аталган инспекция тарабынан ишке ашырылып келген. Бирок, ал дагы 2016-жылы аккредитациясынан ажырап калган эле. Азыр бул ишти кайрадан жандандырууга жетилди. Натыйжада, кайрадан лабораторияны иштетүүнүн аккредитациялык күбөлүгүнө ээ болдук. Андагы адистердин кесиптик сапатына да көңүл бурулууда, - деп белгиледи министр айым. Ошондой эле өлкөнүн Башкы экологу таштандыларды иштетүүчү заводдун долбоору да туура эмес жерге түшүп жаткандыгын айтып, ал аймак мындай заводго туура келбей тургандыгын кошумчалады.
Экологиянын табигый таза болушун шарттаган нерселердин бири – жашыл массивдер. Бир кезде ордо калаанын ар бир жаранына бак-дарактардын 50 чарчы метр аянты туура келип жаткан болсо, азыр бул абал 4 чарчы метр көрсөткүчүнө туура келүүдө. Бул жакшы эмес жагдай, - деди эл өкүлү. Ошондой эле ал, - бак-дарактардын туш келди кыюуларга кабылышы, баш аламан курулуштардын кулач жайышы аба булгануусунун булагы болуп жаткандыгын белгиледи.
Парламентарийдин дагы бир токтолгон тармагы - Саламаттык сактоо министрлиги болду. Анткени, аталган орган акыркы мезгилде экологиянын булгануусунун айынан өпкө ооруларынын таркашы көбөйүп жаткандыгын жарыялады. Абал мындай болгон соң, сөздөн ишке өтүп натыйжалуу иштин көрсөтүчүн камсыздоо зарыл, - деп айтылды.
Унаа жолдорунун заманбап курулушу, борбор калааны бойлоп өткөн темир жол линияларынын шаар сыртына жылдырылышы, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун иштөөсү, ордо калаанын айрым көчөлөрүнө жөө жүрүүчүлөргө ылайыкталган тилке тартиптерин орнотуу – экологияны коргоонун орчундуу кадамдары катары каралды.
Борбордун экологиялык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүдө мыйзам талаптарынын так аткарылышын белгилеген бүгүнкү талкуу экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында атайын экологиялык кодексти иштеп чыгуу чечимин кабыл алды. Иштин жүрүшү ушул жылдын июнь айында кайрадан көзөмөлгө алып, жасалып жаткан кадамдар кабарланмакчы болду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү