Жогорку Кеӊеште сот тутумун реформалоо алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун 4 топтомун колдонууга киргизүү боюнча демилге каралып, мыйзам долбоорлорунун концепциялары добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Узарбек Жылкыбаев, Асел Кодуранова, Максат Сабиров, Нурбек Алимбеков, Жаныбек Бакчиев, Аскарбек Шадиев, Алмамбет Шыкмаматов.
Сот тутумунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан бул ченемдик укук актылары 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизиле турганы белгилүү болду. Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн 7 жыл аралыгында 3 млрд сомго жакын каражат талап кылынарын, каражат балактары тактала электигине байланыштуу мөөнөттү 2019-жылдын 1-январына жылдыруу өтүнүчүн билдирди. Демилгечилер экинчи окууга чейин ишке киргизүү мөөнөтүн Өкмөт менен бирге такташууга убада берди.
Эске салсак, Жогорку Кеӊештин өткөн чакырылышынын депутаттар тобунун демилгеси менен Жарандык-процесстик кодекстин, Административдик-процесстик кодекстин, Жазык кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин, Жазык-процесстик кодекстин, Жазык-аткаруу кодекстин, «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамдын, «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамдын долбоорлору иштелип чыккан. Алар ушу тапта экинчи окууда кабыл алынган. Мындай ири мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, практик юристтер менен адистер тартылган.
КР ЖК Басма сөз кызматы