Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан шайлоо жүрүмүндө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору аркылуу шайлоо тартибин бузуулардын алдын алууга, аларды болтурбоого жана жазалоого көмөктөшө турган мыйзамдык чараларды сунуш кылынып жатканын билдирди. Ал үчүн КР Кылмыш-жаза кодексине жана КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Ошентип, Кылмыш-жаза кодексинин 140-статьясын шайлоого катышы бар субъекттердин тизмесин кеңейтүүчү бөлүк менен толуктоо сунуш кылынат. Ошону менен бирге, 141-статья добуш берүү же референдум күнү техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу операторлордун жазык жоопкерчилигин караган ченем менен толукталат.
Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу Кылмыш-жаза кодексинин 140-статьясына туура келип, бирок Жазык-процесстик кодексинин 26-статьясына ылайык, жеке айыптоо иштерине киргендиктен, алар жабырлануучунун даттануусу боюнча гана козголот жана тараптар жарашканда токтотулат.
Андан сырткары, Жазык-процесстик кодексинин 26-статьясына сунуш кылынган, Кылмыш-жаза кодексинин 140-статьясында каралган өзгөртүүлөр жеке-элдик айыптоо категориясына которулат.
КР ЖК Басма сөз кызматы