Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.
Алсак, депутат Жаныбек Абиров Бишкектеги курулуш тармагындагы көйгөйлөргө көңүл буруп: «Ленин районундагы Тыналиев көчөсү, 1/3 дарегинде «Аалам строй» курулуш компаниясы 2280 батирлүү турак жай курган. Келишим боюнча аталган ишкана объектти 2016-жылы пайдаланууга киргизүү, жылуулукка туташтыруу боюнча милдеттенмелерди алган. Бирок ушул убакытка чейин үй пайдаланууга берилбей, ушул себептен жарандар жылуулукка кошула албай келишет. 2022-жылдын күзүндө алар коммерциялык тарифтер боюнча жылуулукка кошулууга аргасыз болушкан, бирок кымбатчылыктан улам бул кызматтардан баш тартышкан. Азыр үйдө жылуулук жок», - деген депутат жооптуу жетекчилерди бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү