Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды

09-02-2023
14:45

Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды.

Алсак, аталган мыйзам долбоору редакциялык түзөтүүлөрдү камтып, ар кандай жөндөмөлөр менен берилген “Өкмөтү” деген сөздү “Министрлер кабинети” деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөзгө алмаштыруу сунуш кылынууда.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов үчүнчү окууга жазуу жүзүндө сунуштар келбегенин белгиледи.

Андан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууланды. Бул мыйзам долбоору юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин риэлторлук иш чөйрөсүн ишке ашыруусуна байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салууга жана бул чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоого багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү