Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Данияр Төлөнов, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Жанарбек Акаев, Чолпон Султанбекова, Элмурза Сатыбалдиев тарабынан демилгеленген.
Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору насыялык маалыматтарды эффективдүү жана сапаттуу алмашууну камсыздоо үчүн иштеп жаткан насыялык бюролордун өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырууга багытталган.
Долбоордун негиздемесинде демилгечилер “Бардык иштеп жаткан насыялык бюролорго маалымат берүү, зайымчы жөнүндө маалыматтардын бурмалануу, ошондой эле ал жѳнүндѳ маалыматтын жоголуу мүмкүндүгүн (атайылап же кокустан) жокко чыгарат. Буга байланыштуу, насыялык бюролорго насыялык маалыматтарды берүүдө зайымчынын макулдугун алып салуу сунушталат”, – деп белгилешкен.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова насыялык маалыматтын туура эмес берилиши, насыялык бюролордун жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү. Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева насыялык бюролордун саны боюнча сурады. Өз кезегинде Улуттук банктын өкүлү республикада эки насыялык бюро бар экенин маалымдады.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү