Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов белгилегендей, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты бажы процесстерин оптималдаштыруу алкагында жарандар жана бизнес-коомчулуктар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды, бажылык жөнгө салуунун заманбап методдорун колдонуу жана маалыматтык технологияларды максималдуу пайдалануу жолу менен бажы операцияларын жасоонун так ыраттуулугун түзүүгө багытталган бажылык укук мамилелерин мыйзамдуу бекемдөө болуп саналат.
Талкуу маалында депутат Дастанбек Джумабеков аталган мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 9-пунктун алып салууну сунуштады, анда бажы органдары пайдаланган маалыматтык системалардын техникалык мүчүлүштүктөрдөн, байланыш каражаттарынын иштөөсүнүн бузулушунан, электр энергиясын өчүрүлүшүнөн улам келип чыккан бузууларга байланыштуу бажы органы тарабынан алдын ала маалымат алынышы жана же кайра иштетүү мүмкүн болбогон товарларга карата бажы контролунун формаларын колдонуу жөнүндө чечим бажы органы тарабынан келген учурда берилген маалыматтардын негизинде кабыл алынат. Ал белгилегендей, бул норма коррупциялык тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн. Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев нормада коррупциялык компонент бар экенине макул болду.
Мындан тышкары, депутат Дастан Бекешев электрондук декларацияны колдонуу тууралуу түшүрмөлөрдү алса, эл өкүлү Винера Раимбачаева гуманитардык жүктөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүү шарттарын жөнөкөйлөштүрүү маселесине токтолду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү