Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев, Чингиз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев жана Эмиль Токтошев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери менен жолугушту.
Тагыраагы, жолугушууга аталган медиакорпорациянын президенти Жейми Флай, Борбор Азия боюнча программалык редактору Толкун Умаралиев, “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева жана Бишкектеги бюросунун башчысы Бакыт Асанов катышты.
Баарлашууда “Азаттык Медиа” мекемесинин айланасында болуп жаткан соңку окуялар талкууланды.
Депутат Жанарбек Акаев демократиялык баалуулуктарды жайылтууда жана эркин коомду түзүүдө “Азаттык” радиосунун салымы чоң экенин айтса, депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөнү өнүктүрүүдөгү көз карандысыз медиалардын ролу боюнча кеп кылды. Жолугушууга катышкан башка депутаттар да эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү жана бул жааттагы мыйзамдык база тууралуу сөз кылышып, ар кандай жагдайларга карабай Кыргызстан демократиялуу, ачык коом бойдон кала берерин белгилешти.
Өз кезегинде “Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациянын президенти Жейми Флай “Азаттык Медиа” мекемесинин тегерегиндеги жаралган кырдаалга токтолуп, аталган маселе кабатырлантып жатканын кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү