Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов белгилегендей, мыйзам долбоору дүйнөлүк соода уюмунун алкагында эл аралык милдеттерди аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан жана КРнын товар өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн товардын импортунда атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга байланыштуу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
Талкуу маалында депутат Дастанбек Джумабеков демпингге каршы чаралар тууралуу маселени көтөрдү. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясы атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча чечим кабыл алат.
Ал эми, депутат Жалолидин Нурбаев республикага эттин импорту, калкты ата мекендик өндүрүштөгү эт менен камсыз кылуу боюнча суроолорду тактады. «Азыркы учурдун талабы - дыйкандарды колдоо программасын иштеп чыгып, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө субсидияларды берүү», - деп белгиледи депутат.
Мындан тышкары, депутат Карим Ханжеза «материалдык зыян» түшүнүгү тууралу суроолоруна жооп алды. Эл өкүлү Улугбек Ормонов мыйзам долбоору тарабынан сунушталган нормалар республикада товарлардын наркынын өсүшүнө алып келбейби деп кызыкты. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов мыйзам долбоору товарлардын баасын көтөрүүгө алып келбейт деп жооп берди. Депутат Аманкан Кенжебаев үрөнчүлүк чарбаларды субсидиялоо, бажы төлөмдөрүнүн чени боюнча маселелерге көңүл бурду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү