Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Асмандан түшкөндөрдөн" арылуунун аракеттери

09-02-2023
18:04

Жогорку Кеңеш депутаттарынын катышуусунда өткөн тегерек стол жыйынында мамлекеттик, муниципиалдык кызматтардагы жана билим берүү тармагындагы реформалык долбоорлор каралды. Иш чара Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Маанилүү багыттын баалуулугун белгилеп, аталган иш чаранын катышуучулары ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев жана жогорудагы Ассоциациянын өкүлдөрү Тилек Үркүнчиев менен Самат Ашымов бүгүн, 9-февралда "Парламент" радиосунда болушту.

“Кадр бардыгын чечет”, - деп бекеринен айтылган эмес. Бирок, азыр бизде камчыга сап адистердин бир тобу чет мамлекеттерге чыгып кеткен фактылар жолугууда. Бул ойлондуруучу суроо, - деген депутат Эмил Жамгырчиев, - ар бир тармакта "устат-шакирт" мууну мазмундуу иш алып барса ар бир багыттын өнүгүшүнө өбөлгө болоорун белгиледи. Кесип тандоо жагы мектепти бүткөндөн кийин эмес, балдар бакчасынан тартып эле багыттуу иш болууга тийиш, - деди эл өкүлү.

Мамлекеттик кызматтагылардын кесипкөйлүгү туура бааланганда, “асмандан түшкөндөр” болбойт эле, татыктуу ички кадрлар резервинде тургандарга да мүмкүнчүлүктөр ачылмак, - дейт Самат Ашымов.

Мамлекеттик кызматтагылардын уюштуруу жөндөмдүүлүгүн арттыра турган курстар уюштурулуп, санариптик сабаттуулукту арттыруу жагынан да, тил билүү көндүмдөрүн көтөрүү тарабынан да демилгелүү социалдык долбоорлор иштелип жаткандыгын Тилек Үркүнчиев кошумчалады. 

Программанын шилтемеси https://www.facebook.com/100068732812710/videos/1959364707728534/

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү