Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2015-жылдын республикалык бюджети кирешелер боюнча 113 899 213,5 миң сомго аткарылган

17-11-2016
11:16

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Жыйынга премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Премьер-министр өз баяндамасында 2015-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын 113 899 213,5 миң сом суммасында кирешелер боюнча, 120 427 181,8 миң сом суммасында чыгашалар боюнча атайын каражаттарды, 6 527 968,3 миң сом суммасында чыгашалардын кирешелерден ашыкча экендигин эске алуу менен бекитүүнү сунуштады.

Маалым болгондой, 2015-жылдын бюджети 3 жолу өзгөртүлүп, 103 млрд 752 млн сомдон 116 млрд 477 млн сомго чейин көбөйтүлгөнүн, айрым министрликтер ашыкча, ал эми айрымдары жетишсиз каржыланган.

Капиталдык салымдар дээрлик 6 млрд сомго каржыланбай калганы белгилүү болду. Мамлекеттик инвестициялык программа дагы планда каралгандай аткарылган жок. Башында мамлекеттик инвестиция программасы 41 млрд сомго болжолдонсо, ал кийин 19 млрд сомго аткарылган. 2015-жылдын республикалык бюджетин аткаруу жүрүшүндө 4 млрд 800 млн 930 миӊ сомдук каржы тартибин бузуу аныкталып, 992 млн 779 миӊ сом бюджетке кайтарылган.

Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына 444 млн сомдук 82 каржы тартибин бузуу жөнүндө материал өткөрүлүп берилген. Анын ичинде 20 материал сот жетип, 10 материал боюнча тергөө токтотулган.

КР ЖК Басма сөз кызматы