Бүгүн, 17-ноябрь - кыргыз киносунун күнү. Жөн гана дата эмес, 75 жылдык маареке дагы! Андыктан, "Парламент" радиосу кыргыз киносунун калыптануу жолунан тартып, азыркы абалы жана келечеги тууралуу маалыматтар менен тааныштырып, бүгүн саат 13:00до "Күндүн тартибинде" программасын обого алып чыгат.
Радиоуктурууга ЖК депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана "Карек" кинофестивалынын уюштуруучусу Толкун Дайырбекова менен фестивалдын жеңүүчүсү жаш кинооператор Мухтар кызы Айгерим чакырылган.
Эгерде кино тармагына тиешелүү сурооңуздар болсо 0312 63-85-90 телефону аркылуу туз байланышка чыксаңыздар болот. ФБ баракчасынан пайдаланып, суроо жазып калтырсаңыздар да кабыл алабыз.
“Парламент” радиосунун радиожыштыктары
Бишкек – FM 90,2
Ош – FM 105,0
Баткен – FM 101,5
Жалал-Абад – FM 100,5
Каракол – FM 92,6
Нарын – FM 98,7
Талас – FM 90,3
Жумгал – FM 100,0
Кочкор – FM 105,9
Лейлек, Ноокат, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү - FM 101,4
Кара-Кулжа, Өзгөн - FM 107,7
Токтогул - FM 107,1
Тоң - FM 91,5
Ошондой эле бизди kenesh.kg сайтындагы радио баракчадан дагы таап, он-лайн режиминде уксаңыздар болот.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы