Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө

17-11-2016
11:22

Жогорку Кенеште “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө, салыктык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилгендигине байланыштуу 2016-жылдын бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнө түзөтүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу каржы премьер-министри Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди.

Ошентип, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 125 955,8 млн сом көлөмүндө болжолдонууда, бул 2016-жылдын такталган бюджетинен 1 556,2 млн сомго көп.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 148 007,7 млн сом деӊгээлинде белгиленет, бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 1 154,3 млн сомго көп.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 22 051,8 млн сом деӊгээлинде болжолдонууда, бул ИДПга карата 4,9 пайызды түзөт.

Бюджеттин тартыштыгын жабууга 22 051,8 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган. Анын ичинде, ички булактар боюнча 676,3 млн сом өлчөмүндө терс сальдо каралды, тышкы булактар боюнча 22 728,1 млн. сом оӊ сальдо каралды.

Белгилей кетсек, өткөн 10 айдын жыйынтыгында өлкө экономикасынын макроэкономикалык өсүшү ички дүӊ өнүмгө карата 2,7 пайызды түздү.

КР ЖК Басма сөз кызматы