Эл өкүлдөрү 2017-жылдын республикалык бюджетин талкуулоодо колдо болгон каражатты оптималдуу колдонуу жаатында ой-пикир - сунуштары менен бөлүштү

17-11-2016 17:17

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору, “КР 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Ошону менен катар “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

Жыйынга КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жана Каржы-министри Адылбек Касымалиевдин маалыматтарынан кийин, суроо-жооп жүрүмүндө республика аймагында каржы талап кылынган бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Эл өкүлдөрү шайлоочулары менен болгон жолугушууда айтылган маселелердин чечилишин келерки жылдын бюджетине киргизүү талабын аткаруу бийлик өкүлдөрүнө астына коюшту.

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын саны арбып бараткандыгынан улам, гемодиализ аппаратынын санын көбөйтүү маселеси айтылды. Ошондой эле агрардык өлкө саналган республиканын бир катар аймактарында сугат суу, ичүүчү суу маселерине каржылоо зарыл экенини өкмөткө багытталды. Бир катар депутаттар ар жыл сайын республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси аркылуу курулушу титулдук тизмеге кирип, бирок каржыланбай калган обьектилерди тизмектеп беришти.

Талкууда депутат Мурадыл Мадеминов мамлекеттин казынасына каражат түшүрүү системасын башкарууну ийкемдүү жолго салуу үчүн Өкмөт бизнес коомчулук менен тез-тез жолугуп, иш алпарууну сунуш кылды. Экономикада энергетика, тоокендери, туризм сыяктуу таяна турган тармактар бар экенине токтолгон депутат Осмонбек Артыкбаев буларды киреше алып келе турган тармактарга айлантуу керектигине “Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк” сыяктуу мыйзамдарды пайдалануу сындуу бир катар жолдорду ачыктап берди.

Кыргызстандын эң чоң эки шаары – Бишкек, Ош шаарлары элге жык толду. Ошол эле маалда калган шаарлардын өнүгүү келечеги кандай болот? Депутат Мыктыбек Абдылдаев урбанизация маалында жогорудагыдай маселени курч коюп, шаарларды өнүктүрүүгө басым коюу керек дейт. Депутат Каныбек Иманалиев жакынкы жылдарда карыздарды жоюунун концепциясы жоктугун айтып, өкмөт өкүлдөрүн медициналык туризм сындуу жаңыча ой-пикирлердин тегерегинде ой жүгүртүүгө чакырды. Айыл чарбасын экспортсуз өнүктүрүү кыйындыгы боюнча К.Иманалиев айыл чарба өнүмдөрүнө жаңы рынок издөөнү сунуш кылды. Депутат Кыргызстанга жакын эки чоң мамлекет – кытай менен Индияны, Иранды мисалга тартты.

Жыйынтыгында күн тартибине коюлган бюджет жаатындагы мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жиберилди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 496

Окшош жаңылыктар