"Жаз эрте келген Баткен областында суунун жетишсиздиги элдин башкы көйгөйү. Ошондуктан, БСРди (жасалма көлмө) курууга каражат бөлүнүшүн кайра –кайра көтөрүп келе жатабыз. Андан тышкары, жол курулушуна, - деп 2022-жылга өлкө башчысы түздөн-түз колдоо көрсөтүп, каражат караган. Эми 2023-жылга да керектүү каражат керек, эл сурап жаткан “Бели сынык” ашуусундагы жол эртелеп өз мөөнөтүндө бүткөрүлүүгө тийиш. Анткени, ал эл атап алгандай, чындап эле “өмүр жолу”. Бул боюнча Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин да кабары бар. Иш көзөмөлгө алынышы керек. Жол картасында белгиленген иш пландардын аткарылышы боюнча маалымат алуу зарыл. Анткени, акыркы Баткен коогалаңындагы үйү кыйрап калгандардын эле эмес, аларга кошуп үйү тонолуп кеткен жарандардын да жагдайын карашыбыз керек. Себеби, мага ушул багытта эле элден 200дөн ашык кат келип, суранычтар айтылып жатат”, - деди депутат Камила Талиева бүгүн, 9-мартта "Парламент" радиосуна курган маегинде.
Ошондой эле эл өкүлү ошол Баткен областынын Достук айылындагы төрөт үйүн карап, заманбап жабдуу талабы бар. Бул жагынан Саламаттык сактоо министрлиги да маселеге маани бериши керек, - деп кошумчалады.
Жер маселесине келгенде жергиликтүү бийликтегилердин иши кынтыксыз болушу керек. Анткени, аларга шарт түзүлүп, унааларына чейин камсыздалып жатат. Ошого жараша иш ырааты өз натыйжасын далилдеп, ар бир кайрылган элдин үнү каттарда эле катылып калбай, андагы талап так аткарылуусу кажет - деди депутат.