Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Пландоо жолу экономиканын зор таянычы

10-03-2023
14:28

“Либералдуу экономиканын шартында баалардын эркин кыймылы жүрүп жатат. Менчик формасын жайылтуу менен экономиканы көтөрүүгө басым жасалууда. Бирок, азыркы биздин шартта импорт жалпы товарлардын 80%ын түзүүдө. Импорт мейкиндиги кулач жая берсе, долларга болгон көз карандылык да артып жатат. Анын айынан инфиляция өз таасирин күчөткөндөн-күчөтүүдө. Мындай либералдык саясатты колдонуп жаткан мамлекеттердин 30 жылдан берки көрүнүшү бири-биринен деле дээрлик айырмаланбайт. Акыркы мезгилде Кытай, Индия кала берсе АКШ деле либералдык саясат менен пландоо иштерин биргеликте ишке ашырып баштады. Аны инклюзивдүү экономика деп атап жатышат. Негизи эле пландоо жолу - экономиканын зор таянычы" - деп белгиледи ЖК депутаты Султанбай Айжигитов бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен Биринчи радионун биргелешкен "Эл өкүлү" долбоорунда.

Ошондой эле депутат,-мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын компенсацияларын, жалпы калктын реалдуу кирешелерин жогорулатууга, студенттердин стипендиясын көтөрүүгө көңүл бурган атайын жалпы калкты колдоого арналган программа иштелип жатат. Анын максатын мамлекет жетекчилигине бир канча ирет сунуштап, алгачкы сыноо иштерин Баткен областынан баштоону түшүндүрдүм, - деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат угармандардын ар тараптуу бир топ  суроолоруна жооп берди.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү