ЖК Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет бүгүн, 14-марттагы жыйынында “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинин аткарылышы тууралуу маалыматты угуп, эске алды. Бул багытта баяндама жасаган КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ошол эле күнү “Парламент” радиосунда болуп, маселенин маңызын ачып берди.
Негизинен, жогоруда сөз болуп жаткан мыйзамдын 12-беренеси пайдалуу кендердин иштетилишин көзөмөлгө алып, кен байлыктардын ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу иштерин көздөйт.
Баяндамачынын билдиришинче, жалпы министрлик соңку ишмердүүлүгүндө өлкө казынасына 3 млрд. сомдук киреше берди. Бул иштин натыйжалуу көрсөткүчү. “Негизинен, кендерди геологиялык изилдөөгө 5 жылдык мөөнөт берилсе, чалгындоо жумуштарына 7 жыл каралган. Ички инвесторлор азырынча чакан кендерге гана кайрылбаса, көбүн эсе чет элдик инвесторлор ири долбоорлорго кызыгышат. Лицензиялар колдон-колго өтүп, жылдап кимдир бирөөлөрдүн колунда жүрө бербеши керек. Ошондуктан, бул багытта иш 3 жылдан ашык тыным алып туруп калбоого тийиш. Эгер, чындап эле жумуштардын тыянагы жок болсо, берилген лицензияларды кайра мамлекетке өткөрүп берүү тартиптери каралган. Иш кагаздарындагы кендин запасы башка бир көрсөткүч, изилдей келгендеги тыянык таптакыр башка болуп жатканы, албетте эч кимге жакпайт. Ошондуктан, изилдөө иштериндеги изилдөөлөр күмөн жаратпоосу керек. Ири алтын кендери боюнча алганда, 47 гана лицензия бар. Ал эми жалпы башка кендерди кошкондо 7200 лицензия берилген болсо, анын 4800ү кайра чакыртылып алынган. 1920сы архивге өткөн. Дагы 2900дей лиценциялык иштер туш келди чачылып, иретке салынган эмес. Негизинде мындай болбошу керек эле. Азыр ара жолдо калган иштерди тартипке келтирүү процесси жүрүп жатат”, - дейт Д.Кутманова.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу, Россия газ өткөөлүн бууп салган соң, көмүргө болгон суроо-талап өстү. Андыктан, экспорт иштери бул багытта жанданып жатканы өлкө экономикасы үчүн таяныч, - дейт министр. Кара-Кече көмүрү ЖЭБде жагылып жатат. Ички резеврдердин колдонулганы жакшы. Бирок, сапат жагына келгенде жүргүзүлгөн аудиттин негизинде ЖЭБдеги 12 чыпканын алтоосунун гана иштеп жатканы экологияга залакасын тийгизди. Нормадан ашык зыяндуу калдыктардын болушу кооптуу. Ошондуктан, бардыгын лабораториялык анализдердин чегинде расмий изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Бул багытта иш алып баруучу лаборатория аккредитациядан өттү.
“Экологиялык экспертиза жүргүзүүдө кадр маселесин да россиялык алдыңкы жогорку окуу жайлары менен биргелешип чечип жатабыз. Органикалык эмес химия багытында адистердин кесиптик даярдыктарын жогоруталуу жолго коюлууда. Абадагы зыяндуу калдыктарды изилдөөнүн усулдарын өздөштүрүүнү баштадык. Кала берсе, тажрыйбасы бай ардактуу эс алуудагы адистерибизди да кошумча ишке тартып, устат-шакирт программасынын алкагында натыйжалуу иштер жүрүп жатат”, - деди министр айым.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү