Бүгүн, 17-марттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ишеним» фракциясынын жыйынында фракция лидери Улугбек Ормоновдун төрагалыгы астында 2022-жылдагы Кыргыз Республикасында инвестициялык саясатты ишке ашыруу жөнүндө маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов белгилегендей, учурда аймактарда ар кандай этаптарда 2 млрд 190 млн 927 миң АКШ долларын түзгөн 140 долбоор ишке ашырылууда, каржылоо булактары болуп аймактарды өнүктүрүү фонддору, тике инвестициялар жана ички инвестициялар эсептелет.
«Анын ичинен 117 долбоор өнөр жай тармагында, 11 долбоор энергетика тармагында, 12 долбоор айыл чарба тармагында. Акыркы беш жылда Улуттук агенттик 165,7 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды», - деди Н.Баясов.
Талкуу маалында депутат Чолпон Султанбекова мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Ага баяндамачы 2021-жылы тартылган инвестициянын көлөмү 14 млн АКШ долларын, ал эми 2022-жылы 353 млн АКШ долларын түзөрүн маалымдады.
Мындан тышкары депутат Нурбек Сыдыгалиев аймактар боюнча тартылган инвестициялардын көлөмүнө кызыкты. Нурадил Баясовдун айтымында, долбоорлордун басымдуу бөлүгү Чүй облусунда – 65 долбоор, 17 долбоор Баткен облусунда, 15 долбоор Ошто, 14 долбоор Жалал-Абадда, 12 долбоор Ысык-Көлдө, 8ден Бишкек жана Ошто, 6 долбоор Нарын облусунда, 3 долбоор - Талас облусунда ишке ашырылууда.
Өз кезегинде депутат Марат Мураталиев Талас облусунда инвестициялык долбоорлор эң аз экенин белгилеп, бул жаатта инвестиция тартуу иштерин күчөтүүнү сунуштаса, депутат Миргүл Темирбаева аталган мекеменин Баткен облусу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолоруна түшундүрмө алды. «2022-жылы өнөр жай тармагына 5 млн 334 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган. Башка аймактарга инвестициялык паспорттор даяр», - деп жооп берди баяндамачы Н.Баясов.
Ал эми депутат Улугбек Ормонов медицина тармагына, тагыраак айтканда трансплантологияга инвестиция салуу зарыл деп эсептейт. «Канчалаган жарандар чет өлкөгө операция жасатуу үчүн кетип жатышат, клиниканын курулушу жарандарга авиакаттамдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк бермек», - деди ал. Мындан тышкары, фракция лидери минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводду куруу долбоорунун жүрүшүнө кызыкты. Депутат Медербек Алиев өлкөгө бизнес долбоорлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү