Бүгүн, 17-марттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасында миграциялык саясатты ишке ашыруу, ошондой эле мигранттардын кызыкчылыктарын коргоо жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик жана жеке ишке орноштуруу маселелери жөнүндө маалымат угулду.
Жыйында аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Жылдыз Полотова баяндама жасады.
Талкуу маалында депутат Чолпон Султанбекова Файзабадда (Ооганстан) жашап, өздүк күбөлүгүн ала албай жаткан 65 памирлик кыргыздардын маселелерине токтолду.
Ал эми фракция лидери Улугбек Ормонов КР жарандарын ишке орноштуруу боюнча кайсы мамлекеттер менен келишим түзүлгөнүнө кызыкты. Жаңыл Алыбаева суроого жооп берип жатып, Корея менен жумушчуларды жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча Меморандум 2007-жылдан бери иштеп келе жатканын маалымдады. «2022-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Ошондой эле сезондук айыл чарба жумушчулары программасынын алкагында Улуу Британиянын фермердик чарбаларында Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу ишке орноштуруу боюнча макулдашууга кол коюлду», - деп кошумчалады баяндамачы.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү