Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Джамиля Исаева саламаттыкты сактоо, илим жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды

17-03-2023
15:52

Бүгүн, 17-мартта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева жетишкендиктери үчүн билим берүү, саламаттыкты сактоо, журналистика жана адвокатура ишмерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо, илим жана билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн аталган тармактардын айрым кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды. Сыйлыктар ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо тармагынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да берилди.

Джамиля Исаева чакырылгандарды алган сыйлыктары менен жана келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап: «Ар бириӊиздерди Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо, илим жана билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгегиӊиздер, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердигиӊер үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем», - деген Джамиля Исаева, сыйлык ээлерине жылуу каалоо-тилектерин айтты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү