Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) байкоочулар миссиясынын катарында Казакстан Республикасында өтүп жаткан парламенттик шайлоого байкоо салууда.
Мониторинг жүргүзүү иши 17-мартта башталып, ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо Комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров баштаган тиешелүү жетекчилер менен жолугушту. Тагыраагы, кезексиз өткөрүлүп жаткан шайлоого карата даярдыктар жана анын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.
Муну менен катар, шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен да баарлашып, шайлоо платформаларын жана жүргүзүлгөн үгүт иштерин талкуулашты.
Ал эми бүгүн Астана шаарындагы бир катар шайлоо участокторунда болуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышууда.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү