Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов казак тараптын чакыруусу менен аталган өлкөдө өткөрүлгөн парламенттик шайлоого байкоочу катары катышты.
Эл өкүлү Астана шаарындагы бир катар шайлоо тилкелерине барып, добуш берүү өнөктүгүнүн жүрүшүнө күбө болду.
Алсак, Казакстанда өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоо алгач ирет аралаш системада уюштурулуп, партиялар менен катар бир мандаттуу округдардан да талапкерлер ат салышты.
Шайлоого 41 мамлекеттен 786 байкоочу катталып, мониторинг жүргүзүштү. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров эл аралык байкоочулардын катышуусу өнөктүктүн ачык-айкындуулугуна жана мамлекет тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттемелердин так сакталышына өбөлгө түзгөнүн билдирди.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү