Жогорку Кеңеш депутаты, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Надира Нарматова бүгүн, 24-мартта Биринчи радионунун “Эл өкүлү” программасына катышты.
Маек жүрүшндө парламентарий айым белгилегендей, 2022 –жылы шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууга колдон келген жардамдар көрсөтүлдү. Эл аралык уюмдардын, кайрымдуулук фонддордун, республикалык бюджеттин каражаттарына таянып бир топ иштер аткарылды. Сегиз мектептин, 2 балдар бакчасынын жана 1 оорукана менен 1 стадиондун, аларга эле катарлаш 3 жолдун курулушу бюджеттин капиталдык салымдар беренесине киргизилип, тендердик сынактар өткөрүлүп, жумуштар эми башталганы турат. Ноокат-Араван жолу ишке бериле турган болсо, ортодогу аралык 19 чакырым болуп, жол жүрүү түйшүгү азаят, - деп белгиледи Н.Нарматова. “Эл өкүлү катары аткарган иштердин бир багытын айтып жатам. Кээ бирлер депутат жол салбайт, мектеп курбайт, - деп айтышат. Чынында курулуш иштерине эмес, ошол курулуштун каржыланышын көзөмөлгө алабыз. Казынадан каражат бөлдүрүп, элдин аксын ошол калктын өз пайдасына чечүү жумуштарын аткарабыз, көзөмөлдөйбүз”, - деди депутат.
Ошондой эле ал, - пенсия системасына тиешелүү угармандардын суроолоруна жооп берип, андан тышкары, Социалдык өнүгүү министрлигинин компетенциясына кирген жөлөкпулдар жаатында да түшүндүрмө берди.
Эл өкүлү катары 23 мыйзам долбоорун демилгелегендигин айткан Н.Нарматова, - “Ошол мыйзамдардын катарында иштеп жаткан “Кепилдик фонд” тууралуу мыйзамды атап, ага улай эле “Жөлөкпулдарды төөлөдө бир үйдө турган чоң ата, чоң энелеринин пенсиясын кирешеге кошуп эсептөөгө болбойт деген демилге ишке ашты. Алимент төлөөдөн качкан аталардын жоопкерчиликсиздиги, тирүүлөй жетим калган балдардын тагдыры тууралуу көп айтылат. Бул багыттан алганда, минималдык айлыктан эмес, орточо айлыктан эсеп жүргүзүү шарт, - деп белгиленген. Азыр бул мыйзам иштеп жатат”, - деп билдирди.
“Нотариустар тууралуу" даярдалган мыйзамга бир топ сунуштарды бердим. Анда тажрыйбасы мыкты адистер 75 жашка чейин иштесин, - деген мүмкүнчүлүктөр ачылууда”, - деп белгилеген эл өкүлү, - “Парламентте да орто жаштан жогоркулардын жоон тобун түзгөн чет элдик мыйзам чыгаруу институттардын тажрыйбасы жакшы”, - деп мисал келтирди.
Депутат кийинки сөзүндө улуттук баалуулуктарга туура келбеген көрүнүштөргө каршы тураарын билдирип, “Бейөкмөт уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтып, учурда ал коомдук талкууда тургандыгын маалымдады.
Энелер мектеби туура тарбиянын ордосу. Болбосо, айрым ээн баш энелер турмушка чыккан кызынын жашоосуна кийлигишип, кудасынын үйүндө “иш башкаруучу” болуп алышкан учурларды көргөндө качан бизде ушундай болду эле? – деп жака кармайсың. Элибизде”чыккан кыз чийден тышкары” деген сөз бекер айтылган эмес. Улуттук нарк-насилди аттап өтүү өөн көрүнө турган көүнүш экендигин унутпайлы, - деп депутат айрым арга кеткендеги кедергелүү көрүнүштөрдү атады.
Уктуруунун жүрүшүн "Парламент" радиосунун Фейсбуктагы баракчасынан да уксаңыздар болот https://www.facebook.com/profile.php?id=100068732812710
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү