Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаты Камила Талиева бүгүн, 25-мартта Баткен областынын Лейлек районуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында аталган райондун "Ак-Суу" айыл өкмөтүнө караштуу "Алга" айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда аймактагы орчундуу маселелер талкууланды. Алардын катарында курулушу башталган 225 орундуу мектептин абалы тууралуу да сөз болду. Кезегинде бул билим уясын куруу талабын койгон жергиликтүү тургундар эл өкүлүнө өтүнүч менен кайрылган соң, мамлекеттик казынадан каражат каралып, жумуштар жанданган. Эми башталган иш аягына чыгат. Курулуштун сапаттуулугу да көзөмөлгө алынат, - деди К.Талиева.
Депутаттын Баткен областындагы бул жолку жумушчу сапары ушул 2023-жылдын 22-мартынан 31-мартына чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып баруунун алкагында жүрүп жатат.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү