Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын 55-пленардык отурумуна катышты

14-04-2023
16:20

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 55-пленардык отурумуна катышты.

Отурумду КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын башчылары, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана ардактуу коноктор сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Төрага Нурланбек Шакиев “Экология жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу” темасында баяндама жасады. 

Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында каралып жаткан экология темасы учурдун негизги маселеси экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү аркылуу бүткүл планета жана жалпы адамзат үчүн кам көргөн болобуз. Анткени, ар бир адам, ар бир өлкө табиятка жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана өнүгө алат. Албетте, көйгөйлөрдү жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, баарыбыз аракет кылып, күчүбүздү бириктирип, экологиялык көйгөйлөргө каршы туруубуз кажет”, – деди.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын алдында да өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча олуттуу милдеттер турарын айткан Нурланбек Шакиев: “Биз дүйнөлүк коомчулук менен бирге туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн бардык чараларды көрүп, экономикалык өнүгүү менен айлана-чөйрөнү коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту бекем сактоону улантабыз”, – деди. 

Муну менен катар 2022-жылдын 14-декабрында Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы кабыл алынганын эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бул резолюция аркылуу 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” деп жарыяланды”, – деп кошумчалады. Ошондой эле 2023-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен суу ресурстарын эффективдүү башкаруунун эң маанилүү мамлекеттик милдети катары Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиясы кабыл алынганын маалымдады. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү